ФЕТӨ менен күрөшүүдө Нигериядан кызматташуу күтүлөт

Эрдоган Нигериянын президенти менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

830448
ФЕТӨ менен күрөшүүдө Нигериядан кызматташуу күтүлөт

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүүдө Нигериядан кызматташуу күткөндөрүн айтты.

Президент Эрдоган Президентттиктин комплексинде Нигериянын президенти Мухаммад Бухари менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынындагы сөз сүйлөөсүндө: «Биздин көз алдыбызда Боко Харам менен ФЕТӨ же ДЕАШтын ортосунда эч бир айырма жок экенин айта кетейин. Аты, сөзү, максаты эмне болсо болсун бул уюмдардын бардыгы бейкүнөө адамдардын каны менен азыктанган мыкаачы топтор»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, Нигериянын чоң потенциалы менен дүйнөлүк актер болгонун да белгилеп, конок президент менен сүйлөшүүлөрүндө коргоо жана билим берүү менен катар көптөгөн темада пикир алмашкандарын айтты.

«Нигериянын өнүгүүсүндө түрк демилгечилер кызмат көрсөтүүгө даяр»,- деген Эрдоган, 182 миллион калкы менен материктин жалпысында эң маанилүү күч борборлорунун бири болгон Нигерияда Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) кеңсесин ачууну пландаганын белгиледи.



Тектеш кабарлар