ТРТнын башкы директору «TRT World Citizen» долбоору тууралуу маалымат берди

ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен,«TRT World Citizen» долбоору менен дүйнөдө маалыматтандыруу жаратууну максаттагандарын айтты.

829197
ТРТнын башкы директору «TRT World Citizen» долбоору тууралуу маалымат берди

ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен, Европада жоголгон 10 миң бозгун балага тиешелүү социалдык жоопкерчилик долбоорун ишке ашыра тургандарын жарыялады.

Ибрахим Эрен, «TRT World Citizen» долбоору менен дүйнөдө маалыматтандыруу жаратууну максаттагандарын айтты.

ТРТ-Хабердин түз-эфир программасына катышкан Эрен, «TRT World Citizen» долбоору тууралуу маалымат берди.

«TRT World Citizen» долбоорунда бир жыл бою 10 миң бозгун жоголгон баланы экранга чыгара тургандарын белгилеген Эрен, бул тема тууралуу жарым академиялык китепче да басып чыгаргандарын белгилеп, «Айрыкча балдардын укугунун эмне экенин түшүндүргөн китепче басып чыгардык. Муну бир жыл бою англис, француз, немис, урду, араб тилдеринде таркатабыз. Европада жана башка аймактарда мамлекеттик башкаруучуларга жана балдарга жол көрсөтүүчү болушун каалайбыз. Бул да биздин форум менен бирге «TRT World Citizen» темасы болот. TRT World форумда да бул темаларды талкуулайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар