Түркиянын аба мейкиндиги ИКАБга жабылды

Вице-премьер Бекир Боздаг, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Министрлер Кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берди.

828218
Түркиянын аба мейкиндиги ИКАБга жабылды

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, Түркиянын аба мейкиндигинин Түндүк Ирак аймактык башкаруусу орун алган жерлерге каттамдары жабылганын айтты.

Боздаг, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Министрлер Кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берди.

Өкмөт катчысы, «Улуттук коопсуздук кеңешинде чыгарылган сунуш токтомдун негизинде Түндүк Ирак аймактык башкаруусу орун алган жерлерге Түркиянын аба мейкиндигинен каттамдар толук жабылды»,-деди.

Боздаг: «Мындан ары Түркиянын аба мейкиндигин колдонуп эч бир учак Түндүк Ирак аймактык башкаруусу орун алган жерлерге каттай албайт жана ал жерден учкан эч бир учак Түркиянын аба мейкиндигин колдоно албайт»,-деп айтты.

Бекир Боздаг, Хабур чек ара капкасынын Ирактын борбордук өкмөтүнө өткөрүлүшү үчүн иш-аракет башталганын да белгиледи.

Өкмөт катчысы айрыкча Өзгөчө кырдаалдын дагы 3 айга узартылышы тууралуу Премьер-министрликтин уруксат документинин Түркия  Улуу Улуттук Жыйынга жиберилгенин билдирди.



Тектеш кабарлар