Президент Р. Т. Эрдоган Польшага кетти

Президент Эрдоган кесиптеши Дуда менен эки тараптуу жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

828482
Президент Р. Т. Эрдоган Польшага кетти

Президент Р. Т. Эрдоган польшалык кесиптеши Анджей Дуданын чакыруусу менен бул өлкөгө кетти. Президент Эрдоган кесиптеши Дуда менен эки тараптуу жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Польшанын премьер  - министри Беата Шидло жана Польша парламентинин эки канатын түзгөн сенат жана Сейма төрагалары менен да жолугушат. Сапарда түрдүү тармактарда келишимдерге кол коюлушу да күтүлүүдө.

Түркия 600 жылды ашкан тарыхый достук карым – катнаштарына ээ болгон жана 2009 -  жылы бул карым – катнаштарды стратегиялык өнөктөштүк деңээлине жеткирген союздашы Польша менен кызматташтыгын ар тармакта өнүктүрүүгө чоң маани беришкендерин билдирди. Бул сапар эки тараптуу карым – катнаштардын аймакта пайдалуу болушуна салымын кошот.



Тектеш кабарлар