TRT World форумуна шашылыңыздар

«TRT World Forum» аталышы менен Стамбулда өтө турган эл аралык жыйналыштарда 400 адис баяндама жасайт.

828006
TRT World форумуна шашылыңыздар

Медианын Давосу катары аталган чоң жыйынга эки күн калды.

«TRT World Forum» аталышы менен Стамбулда өтө турган эл аралык жыйналыштарда 400 адис баяндама жасайт.

Иш-чарага президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырым да катышат.

Иш-чара тууралуу кеңири  маалымат берген ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен, эл аралык диспут платформасын түзүүнү каалагандарын айтты.

Эрен: «Ар башка тармакта адистешкен кишилер менен глобалдык жана жергиликтүү диспуттарды өткөрүп түрдүүлүктү түзүүнү ойлоодобуз»,-деди.

TRT World катары адамга багытталган берүү түшүнүгүн жактыргандарын белгилеген Эрен, сүйлөшүлбөгөндөрдү күн тартипке алып чыгуу жана медианын жоопкерчилигине токтоло тургандарын айтты.

Форумду салтка айлантууну каалагандарын айткан Эрен, бул эмгектин саясат жана медианын «Давосу» боло турганын айытты.

Башкы күн тартип темасы «Белгисиздик доорунда өзгөрүүгө илхом берүү» болгон форумдун алкагында глобалдык күн тартип, Жакынкы Чыгыштагы абалдар, согуш кылмыштары жана Исламофобия тууралуу 6 башка диспут уюштурулат.

18-октябрда баштала турганы TRT World форуму эки күн уланат.



Тектеш кабарлар