Суданда түрк тилине карата кызыгуу абдан чоң
Юнус Эмре институтунун Хартум маданият борбору тарабынан ачылган түркчө курстарга 3 миң судандык кайрылды.
![Суданда түрк тилине карата кызыгуу абдан чоң](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9038/ee5f/cd3f/59e074e9697ba.jpg?time=1718871946)
Юнус Эмре институтунун Хартум маданият борбору тарабынан ачылган түркчө курстарга 3 миң судандык кайрылды. Юнус Эмре Институтунун маданият борборунун директору Фейзуллах Бахчи берген маалыматында өлкөдө бир жылдан бери иш алып барышкандарын бирок кызыгуунун абдан чоң экендигин айтты.
2016 - жылдын ноябрь айынан бери 900 окуучуга жеткендигин белгилеген Бахчи : «Түркчө судандыктар тарабынан абдан чоң кызыгуу көрүп жатат. Талап абдан көп болууда. Мисалы расмий мекемелерден, университеттерден жана элден түркчө сабактардын берилиши кааланып жатат. Реклама кылбаганыбызга карабастан түркчө сабактарга 3 миңге жакын кайрылуу болду»,- деди. бахчи ушунча кишиге сабак берүүнүн биринчи этапта мүмкүн болбогондугун, ошентсе да талаптарга жооп берүүгө аракет кылышкандарын белгиледи. Курста 6 мугалим менен иштерин улантышарын баса белгилеген Бахчи жаңы окуу – жылында 520 окуучуга түркчө үйрөтүшөрүн айтты. Бахчи түркология проектисинин негизинде бир канча университет менен байланыш түзүшкөндөрүн да билдирди.