Сакарияда качкындар кармалды

Сакариянын Акязы районунда Афганстан, Пакистан жана өзбек улутундагы 87 качкын кармалды.

826619
Сакарияда качкындар кармалды

Сакариянын Акязы районунда Афганстан, Пакистан жана өзбек улутундагы 87 качкын кармалды.

Кургактык жолундагы колдонулбаган бир күйүүчү май станциясында көп сандаган кишинин бар экендигин көргөн жарандар абал тууралуу жандармерияга билдиришти. Аймакка келген жандармерия топторун көргөн кишилер тегеректеги талааларга кача башташты.

Жандармерия топторуна кармалган жана Афганстан, Пакистан жана өзбек тектүү качкындар экендигин белгилеген кишилер Акязы губернаторлугуна таандык автобустар менен облустук жандармерия командирлигине ал жерден да Акязы Ататүрк спорт залына алып берилди.

Акязы губернатору  Өмер Каялы спорт залына келип маалымат алды жана качкындар менен алектенди. Бул жерде тамак жеген качкындардан оорулуулары дарыланууга алынды.

Анкарага баруу үчүн фура менен жолго чыгышккан качкындары фура шоферу Акязыда түшүргөн. Качкындардын Сакаря облустук миграция  башкармалыгына тапшырылары билдирилди.  Бир тараптан күйүүчү май станциясында күтүп жаткан качкындардын арасынан качып кеткендер да болду. Качкан кишилерди кармоо үчүн иштердин башталгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар