Түркия Ирактагы кол салууну айыптады
Түркия Ирактын Хит шаарында болгон жана 10 киши каза болгон, 15 киши да жараланган террордук кол салууну айыптады.
Түркия Ирактын Хит шаарында болгон жана 10 киши каза болгон, 15 киши да жараланган террордук кол салууну айыптады.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ирактын Хит шаарында болгон террордук кол салууда алгачкы маалыматтарга караганда эң аз 10 кишинин каза болушу жана 15 кишинин жараланышынан санааркоо болгондугу билдирилди.
Ирак калкына каза болгондор үчүн көңүл айтылып, жаралуулардын бат айыгып кетиши кааланган маалыматта : «Ирактын террор менен күрөшүүдө маанилүү аралыкты басып өткөн мезгилде жасалган бул кол салууну катуу айыптайбыз жана мындай кыймылдардын Ирактын террор менен күрөшүнө жана өлкөдөгү калыбына келүү аракеттерине тоскоол боло албай тургандыгына ишенгенибизди баса белгилейбиз»,- деп айтылды.
Тектеш кабарлар
Эрдогандын АКШдагы жолугушуулары
Президент Эрдоган Түрк үйүндө Албаниянын премьер-министри Эди Раманы кабыл алды.