АКШ менен болгон виза кризиси санааркатууда

Расмий сапар менен Украинага барган Эрдоган, мамлекет башчысы Петро Порошенко менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

823528
АКШ менен болгон виза кризиси санааркатууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШ менен болгон кризис санааркатып жатканын айтты.

Расмий сапар менен Украинага барган Эрдоган, мамлекет башчысы Петро Порошенко менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Президент Эрдоган, Түркия менен АКШнын ортосундагы виза берүүнүн токтотулушу тууралуу: «Бул чечим баарынан мурда абдан капага салат. Мындайча айтканда Анкарада АКШнын элчисинин ушундай чечимди чыгарып ишке ашыра баштоосу санааркатат. Тышкы иштер министрлигибиздин кызматкерлери муну угаары менен керектүү демилгелерди көтөрүп кесиптештерине телефон чалышты»,-деп айтты.

Президент Эрдоган сөзүн мындай улады: «Түркия бир укук мамлекети болуп саналат. Барынан мурда биз уруу эмеспиз, уруудан турган мамлекет да эмеспиз. Алардын жарыялаган тексти кандай болсо ошого жараша ага окшогон текстти биздин АКШдагы элчибиз дароо жарыялады. Процесс ушундай эле».



Тектеш кабарлар