Түркия Европадагы эң жаш өлкө

Түркияда 65 жаш жана андан жогору жаштагы 6,6 миллион киши жашайт

818774
Түркия Европадагы эң жаш өлкө

Түркия Европадагы эң жаш өлкө...

Дүйнөлүк банк, Европанын статистикалык кеңсеси жана Түркиянын статистика мекемеси 2016-жылдын көрсөткүчтөрүнө таянып берген маалыматына караганда, дүйнөдө калкы эң көп үч өлкөдөн Кытайдын 1 миллиард 378 миллиондук элинин 10 пайызы, Индиянын 1 миллиард 324 миллиондук элинин 6 пайызы, АКШнын 323 миллиондук элинин болсо 15 пайызы улгайгандардан турат.

Улгайгандардын саны эң аз өлкөлөр болсо 1 пайыз менен Бириккен Араб Эмирликтери жана Катар.

Бул өлкөлөрдөн кийин Уганда, Кувейт, Оман, Ангола, Бахрейн, Буркина-Фасо жана Замбия турат.

Түркия болсо 8,3 пайыз менен Европадагы эң жаш өлкө болуп саналат.

Калкынын саны 2016-жылдан тарта 79,8 миллион киши болгон Түркияда 65 жаш жана андан жогору жаштагы 6,6 миллион киши жашайт.



Тектеш кабарлар