Стамбулдагы чоң аэропорттун курулушу бүтөйүн деп калды

Аэропортко учактар качан коно баштайт?

821726
Стамбулдагы чоң аэропорттун курулушу бүтөйүн деп калды

Стамбулдагы дүйнөнүн эң чоң аэропортуна биринчи учак 2018-жылдын февраль айына чейин конот.

Транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан Анадолу агенттигине конок болду.

Арслан бул жердеги билдирүүсүндө, Стамбулда салынып жаткан дүйнөнүн эң чоң аэропортунун курулушунун 68 пайызынын бүткөрүлгөнүн маалымдады.

Карадеңиз менен Эгей деңизин байланыштыра турган Канал Стамбул долбоорун да кеңири түшүндүргөн министр, ал багытта шаарга айландыруу менен катар жасалма аралдардын салына турганын билдирди.

Арслан 2020-жылы Түрксат 5А, 2020-жылы болсо Түрксат 5Бны космоско учурууну максаттагандарын да айтты.



Тектеш кабарлар