Эрдоган Түндүк Иракты дагы бир жолу эскертти

Эрдоган, Иран сапарынан өлкөгө кайтып келе жетканда журналисттерге маалымат берди.

820776
Эрдоган Түндүк Иракты дагы бир жолу эскертти

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын түштүк чек арасында террор тилкенсин курдурбоо чечкиндүүлүгүнүн Түндүк Ирак үчүн да жарактуу болгонун айтты.

Эрдоган, Иран сапарынан өлкөгө кайтып келе жетканда журналисттерге маалымат берди.

Түндүк Ирак темасында Түркия, Иран жана Ирактын ортосунда үчтүк механизм түзүлгөнүн айткан Эрдоган, «Мунай заттын ачкычын жабуу чечимин» да үч өлкөнүн биргелешип чыгара турганын айтты.

Эрдоган, Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) 25-сентябрда болгон мыйзамсыз референдумунун эч бир мыйзамдык таянычы жок экенин дагы бир жолу баса белгилеп, «Мунун (мыйзамсыз референдум) Федералдык Парламенттен да бекитилбей турганы анык.  Ирактын борбордук өкмөтү муну расмий түрдө жарыялады. Ирактын Конституциялык соту да референдум чечимин жараксыз деп таап, мунун токтотулушу керектигине өкүм чыгарган»,-деди.

Президент ИКАБдын лидери Месут Барзанинин бул кадамдан баш тартуудан башка чарасы жок экенин белгилеп: «Өзүнүн бул ишти бүтүрүшү керек, башка чарасы жок. Андай болбосо белгилүү бир күндөрдүн ичинде кадамдарды таштоого аргасыз болобуз»,-деп айтты.

Эрдоган айрыкча: «Биз мындан мурда эмне дедик? Түштүгүбүздө террор тилкесин курдурбайбыз. Мунун алгачкысы Сириянын түндүгү...Мен (өткөн айдагы АКШ сапарымда президент Донльд) Трамп менен ачык түрдө сүйлөштүм. Биз түштүгүбүздө ушундай бир нерсе болсо сөзсүз кийлигишебиз. Учурда ошондой эле нерсе Түндүк Ирак үчүн да жарактуу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар