Аркаңда бир гана Израиль бар

Эрдоган Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Анадолу аймактырынын даанышман адамдары менен Президенттик комплексинде жыйналыш өткөрдү жана күн тартипке байланыштуу маалыматтарды берди.

821192
Аркаңда бир гана Израиль бар

Президент Режеп Таййип Эрдоган, мыйзамсыз көз карандысыздык кыялданууларын кылган Ирактын күрт аймактык башкаруусуна (ИКАБ) аба майдандары жана чек аралар да жабыла турганын айтты.

Эрдоган Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Анадолу аймактырынын даанышман адамдары менен Президенттик комплексинде жыйналыш өткөрдү жана күн тартипке байланыштуу маалыматтарды берди.

Түркия орун алган байыркы аймактын кайгылуу, олку-солкулуу жана машакаттуу мезгилден өтүп жатканын белгилеген Эрдоган: «Көзүрлөр кайрадан каралган, карталар кайрадан үстөлгө жайылган процесстен өтүп жатабыз. Өткөн кылымда болгону сыяктуу бул мезгилдин паролу да «бөл, майдала, башкар, ал эмес жутуп ал». Глобалдык эксплуатациялоочу борборлордун көп жылдар бою ээ болушкан же карамагына алган ар бир жерде ишке ашырган бул тактика, дагы бир жолу аймагыбызда жүгүртүүгө киргизилди»,-деди.

Эрдоган аймак тууралуу кандуу сценарийдин алдындагы эң чоң тоскооолдуктун эч шексиз Түркия экенин айтты.

Түркиянын аймакта ойнолгон оюндарды буза турганын баса белгилегнен Эрдоган: « Сирияда жана Иракта болуп жаткан бөлүү, майдалоо, этникалык тазалоо жана секталык көкүтүү оюндарынын максаты, Түркияны түштүктөн курчоо болуп саналат. Бул курчоо иш-аракети бир гана физикалык чек араларыбыздан турбайт. Бул жерде өлкөбүздүн ичин да камтыган чоң оюндан кеп кылуудамын. Аллахтын уруксаты, улутумдун акыл-эстүүлүгү менен берки кол салуулардын кантип мизин майтарган болсок бул оюнду да бузаарыбыздан, эч шегим жок»,-деди.

ИКАБдагы 25-сентябрда болгон мыйзамсыз референдумга токтолгон Эрдоган: «Элдик добуш берүү себеп болушу мүмкүн, натыйа эмес. Натыйжа мындан кийин болот. Бул жерде иш бүткөн жок, жалгыз гана башталышы. Бир тарабында Иран, түндүгүндө Түркия, түштүгүндө Ирак башкаруучулугу, батышында Сирия. Эмне кыласың, кайда кетесиң, кандай кыласың? Эми бардык аба майдандары да жабылат, учууларга ансыз деле тыюу салынат. Ким келет, кандай кетесиң? Жакында чек аралар да жабылат. Кантип кирип-чыгууңду аткарасың?»,-деп каршылык көрсөттү.

Аймактын жана Түркиянын коопсуздугунун коркунучка салынышына уруксат берилбей турганын айткан Эрдоган: «Бирөөлөр балалык чагынын кыялданууларын орундатат эле деп бүтүндөй аймагыбыздын жана өлкөбүздүн коопсуздугунун коркунучка түртүлүшүнө биз уруксат бербейбиз»,-деди.

Мыйзамсыз элдик добуш берүүнүн Ирактын жеринин бүтүндүгүнө чыккынчылык болгонуна көңүл бурган Эрдоган, ИКАБдын лидери Месут Барзаниге үн катып: «Сага бул акылды ким үйрөтүп жатат? Аркаңда бир гана Израиль бар. Оң жагыңа Франциянын мурдагы тышкы иштер министрин ээрчитип алыпсың, сол тарабыңа да башка бир жөөттү ээрчитип алыпсың жана алар менен бирге үстөлдүн үстүндө иштеп жатасың. Алар сага дос эмес, алар бүгүн сенин жаныңда болот, эртең жок болушат. Сен бизге жалдырайсың»,-деди.

Эрдоган: «Биздин каршылык көрсөтүүбүз, Ирактын биримдикке, ынтымакка муктаждыгы болгон ушул мезгилде эч бир себеби жана мажбурдуулугу жок турганда, анын үстүнө өлкөбүз менен кеңешпестен ушундай иш-аракетти кылганынан болуп олтурат. Бул Ирактын жеринин бүтүндүгүнө чыккынчылк болуп саналат»,-деп айтты.

Түркия үчүн бардык террордук уюмдардын бирдей экенин белгилеген Эрдоган: «Биз үчүн ПКК кандай болсо Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) да ошондой. ДЕАШ кандай болсо DHKP-C жана буга окшогон уюмдар да ошондой. Өлкөбүзгө жана улутубузга зыян тийгизген, келечегибизге кастык кылган эч бир уюмду бул жерлерде жашата албайбыз. Террордук уюмдарга түздөн-түз жана кыйыр колдоо көрсөткөн эч ким бул өлкөнүн нанын жегенге, суусун ичкенге, мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууга акысы жок дегенди берет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар