Аймактагы шарттар өзгөрбөсө ИКАБ ар түрдүү санкцияларга дуушар болот

Башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, Иранда бир катар жолугушууларды өткөрдү.

819821
Аймактагы шарттар өзгөрбөсө ИКАБ ар түрдүү санкцияларга дуушар болот

Түркиянын башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, Түркия жана Ирандын ортосундагы кызматташтыктын аймактын коопсуздук жана ырааттуулугуна салым кошо турганын баса белгиледи.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын Коргоо министрлигинин эл менен байланыштар штабына таянып берген маалыматына караганда армия генералы Акар, Тегерандагы жолугушууларынын алкагында Ирандын Коргоо министри Хатеми менен жолукту.

Жолугушууда министр Хатеми, Иран жана Түркиянын тарыхый, диний жана маданий биримдикке ээ болгон эки улут экенине шилтеме кылып, «Түркия, коргонуу жана коопсуздук жагынан Ирандын тышкы саясатында маанилүү орунга ээ»,-деди.

Батыштык күчтөрдүн ДЕАШтан кийин аймакта жаңы сценарийлердин үстүндө иштеп жаткандарын айткан Хатеми: «А бирок Иран жана Түркия, аймактын эки маанилүү жана таасирдүү өлкөсү катары бул жаңы сценарийлердин аткарылышына уруксат беришпейт»,-деп айтты.

Хатеми, Ирандын бардык өлкөлөрдүн жеринин бүтүндүгүнүн корголушуна карай саясат жүргүзгөнүн белгилеп: «Иран, Түркия жана Ирактын ынтымагы, аймактын коопсуздук жана ырааттуулугу менен катар бөлүүчү аракеттерге каршы да таасирдүү роль ойнойт»,-деп айтты.

Сирия кризисинин чечилишине карай салымдарынан улам да Түркияга ыраазычылыгын билдирген министр Хатеми, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтыктын кеңейтилишине ыраазы болгондорун айтты.

Башкы штабдын төрагасы Акар да Түркия  менен Ирандын ортосундагы карым-катнаштардын Ирандын башкы штабынын төрагасы, генерал-лейтенант Мухаммед Бакиринин сапары менен жаңы мезгилге киргенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын аймактын жана дүйнөнүн коопсуздук жана ырааттуулугуна салым кошо турганын айтты.

Түркиянын «Ирак жана Сириянын» жеринин бүтүндүгүн колдогонун баса белгилеген Акар, өлкөлөрдүн аймактык чек араларында кандайдыр бир өзгөрүүнүн Түркия тарабынан таанылбай турганын маалымдады.

Армия генералы Акар, Түркия, Ирак жана Ирандын, Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) мыйзамсыз референдумуна биргелешип каршылык көрсөткөнүн шилтеме кылып, аймактагы шарттардын өзгөрбөгөн учурунда ИКАБдын саясий, экономикалык жана аскердик тармактарда санкцияларга дуушар боло турганын кошумчалады.

Башкы штаб төрагасы, армия генералы Акар, Ирандагы жолугушууларынын алкагында Ирандын башкы штаб төрагасы Бакири, Ирандын улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин баш катчысы Али Шехмени жана Ирандын президенти Хасан рухани менен жолукту.

 



Тектеш кабарлар