Түркия Франциядагы өрттөө окуясын айыптады

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берди.

818821
Түркия Франциядагы өрттөө окуясын айыптады

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, Францияда үчөө түрктөн турган 5 киши каза болгон өрттөө окуясын айыптаганын жарыялады.

Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берген Бекир Боздаг, француз жетекчилерине окуянын жооптууларынын табылып жазаландырылышы керектиги чакырыгын салды.

Ирактын күрт аймактык башкаруусунда (ИКАБ) өткөн аптада болгон мыйзамсыз референдум темасында болсо Түркиянын акыл эстүүлүк менен кыймыл кыла турганын баса белгилеген Боздаг, Иран жана Ирак менен кызматташа тургандарын маалымдады.

Боздаг бир суроого жооп иретинде, «ИКАБга карай кадамдарыбызда эл аралык укукка шайкештик жана түрк улутунун кызыкчылыктары эске алынат. ИКАБ кылган жаңылыштыктан кайтканга дейре алар менен кызматташуу болбойт. Мындан кийинки кадамдарыбызды жарыялабай туруп таштайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар