Фетуллах Гүлен тууралуу досье каралып бүттү
Адилеттик министри Абдулхамит Гүл Фетуллахчы террордук уюмдун башчысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышы тууралуу досьенин каралып бүткөндүгүн айтты.
Адилеттик министри Абдулхамит Гүл Фетуллахчы террордук уюмдун башчысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышы тууралуу досьенин каралып бүткөндүгүн айтты. Гүл Түркия Улуттук Парламентинин жыйын залында кечээ өткөрүлгөн жаңы мыйзам чыгаруу жылы жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Гүлендин тапшырылышына байланыштуу берилген бир суроо боюнча адилеттик министри эл аралык келишимдер жана тапшыруу келишимдерине караганда бардык процесстердин бүткөндүгүн белгиледи. Гүл : «Азыркы учурда тапшыруу үчүн техникалык же документтерде эч кандай кемчилик калган жок. Процесс тууралуу да кемчилик калган жок. Иликтеп жатабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Чамлыжа мунарасын 1 миллион 800 миң киши кыдырды
Мунаранын ар башка бөлүмдөрүндө атайын күндөр да болгон бир топ иш - чаралар өткөрүлүүдө.
Министр Фидан Испанияда
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Европа өлкөлөрүн Палестинаны мамлекет катары таанууга чакырды.