Түндүк Иракка абадан операция жүргүзүлдү

Башкы штабдын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү жикчил террор уюмуна таандык лагерлерди бутага алуусун улантууда.

814018
Түндүк Иракка абадан операция жүргүзүлдү

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Зап жана Авашин-Басян аймактарына абадан жүргүзүлгөн операцияларда аймакта кол салуу даярдыгын кылып жатканы белгиленген террор уюмунун мүчөлөрү колдонгон курал сактоочу, баш калкалоочу жана ок-дары сактоочу жайлары талкаланды.

Башкы штабдын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү жикчил террор уюмуна таандык лагерлерди бутага алуусун улантууда.

Аба күчтөрү командирлигине караштуу согуштук учактар тарабынан Зап жана Авашин-Басян аймактарында орун алган ПКК лагерлерине карай абадан операция жүргүзүлдү.

Реактивдер, аймакта кол салуу даярдыгында экени белгиленген террор уюмунун мүчөлөрү колдонгон курал сактоочу, баш калкалоочу  жана ок-дары сактоочу жайларын атып, таш-талканын чыгарды.

Абадан жүргүзүлгөн операцияга катышкан учактар коопсуз түрдө базаларына кайтышты.



Тектеш кабарлар