Түрк ишканалары Ануга жарманкесине катышат
Жарманкеде түрк ишканалары жаңы товарларын таанытышат
Германияда өткөрүлө турган эл аралык Anuga жарманкеси 247 түрк ишканасын тосуп алат.
Эң маанилүү тамак-аш жана азык-түлүк жарманкелеринин арасында орун алган Anuga жарманкеси «Келечектен даам таткыла» деген тема менен 7-октябрда Германиянын Кельн шаарында каалгаларын ачат.
Жарманкеде түрк ишканалары жаңы товарларын таанытышат.
Ошондой эле түрк азык-түлүк секторунун келип жеткен баскычы, жалпы тамак-аш, нан азыктары, суусундуктар, тоңдурулган азыктар, эт жана эт азыктары менен ашпозчулук, жабдуулар жана технологиялар дагы таасирдүү таанытылып, ишканаларга жаңы мүмкүнчүлүк каалгалары изделет.
Түркия 2015-жылдагы жарманкеге жалпы тамак-аш, тоңдурулган азык, нан азыктары-ысык суусундуктар, суусундуктар менен катар 4 башка залда 230 компания менен катышкан болчу.
Жалпы 109 өлкөдөн 7 миң 200 ишкана өз стендин ача турган жарманке 11-октябрда аяктайт.