Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциялары

Хаккаринин Йүксекова районунда жикчил теророр уюму ПККга карай жүргүзүлгөн операцияда 4 террорист жок кылынды.

812102
Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциялары

Хаккаринин Йүксекова районунда жикчил теророр уюму ПККга карай жүргүзүлгөн операцияда 4 террорист жок кылынды.

Губернаторлдуктун жарыясына караганда облустун Икияка айылынын Мезрук аймагында ПККга мүчө 4 террористтин коопсуздук күчтөрү тарабынан байкалганы маалымдалды.

Анда, 4 террористтин «Фыртына» пушкалары менен атылып жок кылынганы белгиленди.

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясында да, Түрк куралдуу күчтөрүнүн 14-20-сентябрь күндөрүнүн аралыгында террор менен күрөшүү операцияларында 46, Мардинде жүргүзүлгөн абадан коштолгон операцияда болсо 6 террористтин жок кылынганы жарыяланды.

Бир тараптан Түрк куралдуу күчтөрү кечээ Ирактын түндүгүндөгү Кандил, Метина жана Гара аймактарында орун алган ПКК лагерлерине абадан жүргүзүлгөн операцияларда террор уюмуна таандык баш калкалоочу жайларын жана курал менен ок-дары сактоочу жайларын талкалады.

Кыймылга катышкан учактар, операциядан кийин коопсуз түрдө базаларына кайтты.



Тектеш кабарлар