Эрдоган-Трамп жолугушуусу

Трамп, жолугушуудан мурда басма сөзгө берген маалыматында, «Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуу мен үчүн сыймык болуп саналат»,-деди.

811738
Эрдоган-Трамп жолугушуусу

БУУнун башкы ассамблеясынын 72-чакырылышына катышуу үчүн АКШга барган Президент Режеп Таййип Эрдоган, Нью-Йоркто АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолукту.

Президенттиктин маалымат булактары 50 мүнөткө созулган жолугушуудан кийин, «Жолугушууда аймактык маселелердин чечилиши үчүн кызматташтыктын өнүктүрүлүшү жана бардык террордук уюмдар менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улантылышы жагдайында макулдашылды. Эки лидер Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) 25-сентярбрда өткөрүүнү пландаган көз карандысыздык референдумуна каршы экендиктерин айтып, мындай кадамдардын опурталдуу жыйынтыктары боло турганын баса белгилешти»,-деген маалымат берди.

АКШнын президенти Трамп болсо социалдык медиа тармагынан жолугушуу тууралуу маалымат бөлүштү.

Трамп: «Президент Эрдоганды АКШда тосуп алуу өзгөчө сонун»,-деди.

Эрдоган менен Трамп жолугушууларынан кийин басма сөзгө ачык бөлүмүндө да маалымат беришти.

Эрдоган сөзүн «БУУнун башкы ассамблеясынын себеби менен келген АКШда урматтуу досум Дональд менен бүгүн делегациялар аралык жана өз ара жолугушууларды өткөрөбүз»,-деп таштады.

«Мен ишенемин керек болсо Америка-Түркия карым катнаштары, керек болсо аймактык абалдар, дүйнөдөгү башка темаларды кароо мүмкүнчүлүгүн табабыз»,-деген президент Эрдоган: «Мен да бул мүмкүнчүлүккө ээ болгон үчүн ага чоң рахматымды айтамын»,-деди.

Трамп болсо, «Досум болгон президент Эрдоганды таануу чоң сыймык жана өзгөчөлүк. Ал дүйнөнүн татаал аймагында иштеп жатат. Чынчыл болуш керек болсо абдан көп балл топтоодо жана АКШ менен да биргелешип иштөөдө. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда абдан мыкты достук бар. Менин оюмча учурда биз мурда эч болуп көрбөгөндөй жакынбыз жана мунун чоң бөлүмү жеке кишилик алакаларга байланыштуу»,-деп айтты.

Эрдоганга ырахатын айткан Трамп, сөздөрүн: «Сизди АКШда көрүү чоң сыймык»,-деп бүтүрдү.

Эки лидер анбан соң делегациялар аралык жолугушууларга өттү.

Жолугушуунун күн тартип берелеринин арасында Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) 25-сентярбрда өткөрүүнү пландаган көз карандысыздык референдуму, жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГга Вашингтон бийлиги тарабынан жөнөтүлүп жаткан куралдар, 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинин кылмышкери Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) АКШда жашап жаткан корбашчысынын Түркияга кайтарылып берилиши, Орусиядан С-400 ракеталык коргонуу системасынын сатып алынышы сыяктуу темалар орун алды.



Тектеш кабарлар