Президент Эрдоган БУУдагы жолугушууларын улантууда
АКШнын Нью-Йорк шаарына барган Президент Режеп Таййип Эрдоган, эки тараптуу жолугушууларын улантууда.
![Президент Эрдоган БУУдагы жолугушууларын улантууда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/38cd/6a9f/fd7a/59c36f5576fa8.jpg?time=1718897086)
БУУнун башкы ассамблеясынын 72-чакырылышына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барган Президент Режеп Таййип Эрдоган, эки тараптуу жолугушууларын улантууда.
Президент Режеп Таййип Эрдоган,Сербиянын президенти Александра Вужиж, Украинанын мамлекет башчысы Петро Порошенко, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ, Албаниянын премьер-министри Эди Рама, Молдованын премьер-министри Павел Филипп, Сомалинин өкмөт башчысы Али Хасан Хайри,Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович менен өз-өзүнчө жолугушуу өткөрдү.
Президент Эрдоган айрыкча Блумбергдин аткаруу кеңешинин төрагасы жана Нью-Йорктун мурдагы мэри Майкл Блумберг жана Али-Баба интернет барагынын куруучусу жана төрагасы Джек Маны да кабыл алды.
Жолугушуулар жабык эшик артында өттү.