АКШнын террордук уюм ПЙД менен кызматташуусу түшүнүксүз абал

Эрдоган БУУнун башкы ассамблеясынын 72-чакырылышына катышуу үчүн барган АКШнын Нью-Йорк шаарында Глобалдык ишкердик форумунда суроолорго жооп берди.

811118
АКШнын террордук уюм ПЙД менен кызматташуусу түшүнүксүз абал

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка бийлигинин Сирияда террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү үчүн жикчил террор уюму ПККнын бул аймактагы уландысы ПЙД менен кызматташуусун түшүнө албаганын айтты.

Эрдоган БУУнун башкы ассамблеясынын 72-чакырылышына катышуу үчүн барган АКШнын Нью-Йорк шаарында Глобалдык ишкердик форумунда суроолорго жооп берди.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен бүгүн боло турган жолугушууда террор уюму ПЙДга жөнөтүлгөн куралдардан Түркиянын тынчсызданганын дагы бир жолу түшүндүрө турган Эрдоган, бул жардамдын ушул убакка дейре 3 миң тоннага жеткенин маалымдады. Эрдоган: «Бир күнү бул куралдардын Түркияга багытталбай турганына ким кепилдик беле алат»,-деди. Өтмүштө ушундай эле жаңылыштыктын мурдагы президенттерден Жорж Буш мезгилиндеги (2003) Ирактын басылып алынышы убагында да болгонун эске салган Президент,учурда ал аймактагы ПКК террористтеринин колунда дагы деле АКШдан чыккан куралдар табылып жатканын баса белгиледи.

Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) 25-сентябрда көз карандысыздык референдумун өткөрүүнү пландоосунун себебинен Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышын 22-сентябрда өткөрүүгө чечим чыгарылганын, ишке ашырыла турган санкциялардын бул жерде белгилене турганын айткан Эрдоган: «Максат мындай; Иракта ушундай түрдөгү көз карандысыз мамлекетке эч качан уруксат бербейбиз. Ал жерде түркмөндөр да бар, араптар да бар. Бул тынчтыкты бузуу эч кимдин укугу эмес. Бул кадам жаңылыш болуп саналат. Кадам таштаган киши өзүн жалгыздыкка түртүүдө. ИКАБдын лидери Месут Барзанинин бул жаңылыштыктан баш тартуусун каалаймын»,-деди.

Эрдоган «Болгону санкция киргизип эле тим болосуңарбы, күч колдонбойсунарбы?» деген суроого да «Аны бул жерде айтуум туура болбойт. Алгач Улуттук коопсуздук кеңешибиз жана Министрлер кеңешибиздин жыйындары өтсүн»,-деп жооп берди. Орусиядан С-400 ракеталык коргонуу системасы алынышы тууралуу сындоолордун канчалык орунсуз болгонун баса белгилеген Эрдоган, террористтерге берилген куралдардын Түркияга акчасына да сатылбаганы үчүн ушундай жолду тандагандарын айтты.

Европа Биримдигинин жооптуу кызматтагыларынан келген Түркия бизден алыстап баратат жөнүндөгү айтымдар тууралуу көз карашы суралган Эрдоган: «Түркияны 54 жылдан бери ЕБнин каалгасында күттүргөндөр саясий эмбаргону ишке ашырып жатышат. Бул Түркияны урматтабоочулук болуп саналат. Түрк атуулдарынын ЕБне визасыз кирүүсү, Түркияга баш калкалаган качкындарга каржыланышы үчүн 3 миллиард евро жардам бере турганы сыяктуу бизге көп жалгандарды айтышты»,-деди.

«Анда Түркия ЕБне кошулууну эмне үчүн мынчалык көп каалап жатат?» деген суроого Эрдоган: «Чечим чыгара турган алар. Каалганы алар жапсын. Ошондо биз да абдан оңой чечим чыгарабыз»,-деп жооп берди.

Президент Эрдоган модератордун «Түркияда абдан көп журналист камакта жатат» деген сыяктуу суроо бергени жатканда анын сөзүн дароо бөлүп, «Муну оңдоп кетели. Булар журналист эмес. Арасында уурулуктан соттолгондор бар. Көбү террорист»,-деп айтты. 16-майдагы АКШ сапары убагында да бул сыяктуу террористтердин өзүнө багытталган кол салуу аракетине жан сакчыларынын бөгөт койгонун түшүндүргөн Эрдоган: «Бирок АКШнын соту, кол салгандарга эмес, менин жан сакчалырма сот жараянын баштатты. Кайда Америка адилеттиги? Териштирүү саясий себептер менен ачылыптыр. Президент Трамп да бул теманын федералдык сот эмес, штаттык соттун прокуратурасынан келип чыкканын айтты»,-деп түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар