Стамбулдун БУУнун борбору болуусу сунушталды

Президент Режеп Таййип Эрдоган,БУУнун имаратынын маңдайында орун алган жаңы Түркеви имаратынын пайдубал түптөө аземинде сөз сүйлөдү.

809851
Стамбулдун БУУнун борбору болуусу сунушталды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, аймактык борбор болуу жолунда ылдам илгерилеген Стамбулдун бир эле учурда БУУнун борбору болуусун сунуштады.

БУУнун башкы ассамблеясынын 72-чакырылышына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барган президент Режеп Таййип Эрдоган,БУУнун имаратынын маңдайында орун алган жаңы Түркеви имаратынын пайдубал түптөө аземинде сөз сүйлөдү.

Жерин жана курулуш аянтын кеңейтип Түркиянын көрүнүшүнө ылайыктуу Түркеви имаратын салууга чечим чыгарганын бүгүн иш жүзүндө аткарып жаткандарын баса белгилеген Эрдоган, ушундайча так эле маңдайында орун алган БУУга негизги миссиясын эскертип бардык катмарды камтуучу кызмат кыла турганын үмүт кылгандарын баса белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдоган сөзүн мындай улантты: «БУУнун өзгөргөн шарттарга шайкеш келиши үчүн реформалынышы шарт. Мисал үчүн быйылкы күн тартипте реформа бар, бирок реформа кайра эле биз каалагандай түшүнүктө эмес. Эң негизгиси БУУнун структрасынын реформаланышы. Бул реформа аткарылмайынча бекем БУУнун түзүлүшүн же иштөөсүн көрүү мүмкүн болбойт».

Президент Эрдоган: «Аймактык борбор болуу жолунда ылдам илгерилеп бараткан Стамбулдун бир эле учурда БУУнун борбору болушун сунуштадык, сунуштап жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар