Түрк куралдуу күчтөрү машыгуу өткөрүп жатат
Ошол эле учурда террорго каршы күрөшүү операциялары да уланууда
Түркиядан бардык эскертүүлөргө карабастан 25-сентябрда көз карандысыздык боюнча элдик добуш берүүгө даярданган Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугуна карай орчундуу кыймыл...
Түрк куралдуу күчтөрү Ирак менен болгон «Хабур» чек ара бекетин да камтыган, Шырнак шаарынын Силопи аймагында аскердик машыгуу өткөрүп жатат.
«Хабур» чек ара капкасы Иракта Күрт аймактык башкаруучулугунун жерлериндеги Эрбил шаарына ачылууда.
Башкы штабдын төрагалыгы Силопи-Хабур аймагында машыгуу башталганын, ошол эле учурда террорго каршы күрөшүү операцияларынын да уланып жатканын маалымдады.
Бул учурда президент Режеп Тайип Эрдоган Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынын, Ирактагы Күрт аймактык башкаруучулугунун элдик добуш берүү чечиминен улам 22-сентябрда мөөнөтүнөн мурда өтө турганын билдирген болчу.