Президент Эрдоган Казакстанда

Президент Р. Т. Эрдоган Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитине катышуу үчүн барган Казакстанда расмий жолугушууларын баштады.

803948
Президент Эрдоган Казакстанда

Президент Р. Т. Эрдоган Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитине катышуу үчүн барган Казакстанда расмий жолугушууларын баштады.

Президент Эрдоган үчүн Акорда президенттик сарайында расмий тосуп алуу аземи өткөрүлдү. Президент Эрдоган жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев аземден кийин жекеме  - жеке сүйлөштү. Эрдоган сүйлөшүүнүн басма сөзгө ачык бөлүмүндө сүйлөгөн сөзүндө эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштарды күн сайын арттыруу керектигине көңүлдөрдү бурду.

2 миллиард долларга жакын соода көлөмүн ылдам түрдө 5 миллиард долларга чыгарууну максат кылышкандарын белгилеген Эрдоган аймактык маселелер тууралуу президент Назарбаевдин көрсөткөн аракетине өзгөчө рахмат айтты.

Эрдоган : «Айдын он төртүндө Астана саммити мааниге ээ болууда. Алдыңкы иш алып баруулар бүттү. Эми бул жерде финал болот. Буйруса ташталган кадамдар Астанада бүтөт. Женева процесси да ушундайча дагы оңой жол алат»,- деди.

Казакстандын президенти Назарбаев болсо кыйын мезгилдерден өтүшкөндөрүн жана бат – бат сүйлөшүүлөрдү өткөрүү керектигин белгилеп : «Бирдикте аткарган проектилерибиз бар. Аймактык маселелер жана башка маселелер бар. Буларды бүгүн сүйлөшө алабыз»,- деди. Назарбаев  эртең боло турган Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитине 57 өлкөдөн 70ке жакын делегациянын катышарын айтып саммитке президент Эрдоган менен бирге катышарын билдирди.

Президент Эрдоган жана Орусиянын президенти Путиндин сунушу менен Астанада Сирия сүйлөшүүлөрүнүн улантылып жаткандыгын белгилеген Назарбаев кийинки сүйлөшүүлөрдүн да 14 -  сентябрда өткөрүлөрүн белгиледи.

Казакстан сапарында президент Эрдоганды президенттиктин катчысы Ибрахим Калын, вице  - премьер Хакан Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбекчи, билим, өнөр жай жана технология министри Фарук Өзлү, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен үй  - бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Кая да коштоодо.



Тектеш кабарлар