Түркиянын экономикасы өсүүдө

Түркия учурда дүйнөдөгү өнүккөн он үчүнчү өлкө

799835
Түркиянын экономикасы өсүүдө

Экономика министри Нихат Зейбекчи, 2017-жылдын Түркиянын экономика жаатында өсүү жылы болоорун айтты.

Денизли шаарында сөз сүйлөгөн Зейбекчи насыя рейтингине баа берүүчү мекеме Moody'sтин Түркиянын 2017-жылдагы экономикалык өсүү көрсөткүчтөрүнө байланыштуу билдирүүсүнө көңүл бурду.

Зейбекчи: «Moody's Түркиянын өсүү көрсөткүчтөрүн экинчи жолу карап чыкты. Экинчи чейректин өсүү көрсөткүчтөрү 11-12-сентябрда жарыяланат. Түркия үчүнчү чейректе 7-7,5 пайыз өсөт. Экспорттун көрсөткүчтөрү да күтүлгөндөн жогору болот»,-деди.

Зейбекчи Эл аралык валюта фондунун (IMF), сатып алуу күчүнө жараша Түркиянын дүйнөдөгү 13чү чоң экономика экенин билдиргенин эске салып, Түркиянын дүйнөдөгү алдыңкы он экономикадан бири, Европада да биринчи үч экономикадан бири болуу максатына жетээрин айтты.



Тектеш кабарлар