Түрк Кызылайы курмандыктын этин таратууда

Курмандыктын эти 3 миң үй-бүлөгө таратылат

799845
Түрк Кызылайы курмандыктын этин таратууда

Түрк Кызылайы, Йемендин түштүгүндөгү Аден шаарында жардамга муктаж 3 миң үй-бүлөгө курмандыктын этин таратууда.

Йемендеги Кызылай делегациясынын жетекчиси Мустафа Айдын: «Өкмөткө караштуу жардам комитетинин кызматташуусунда йемендик 3 миң үй-бүлөгө курмандыктын этин тара баштадык»,-деди.

Мустафа Айдын муктаждыгы бар адамдарга жалпы 100 бодо малдын союлаарын жана эттин үч күн бою таркатыла турганын айтты.

Йемен өкмөтүнө караштуу Жогорку жардам комитетинин жетекчи орун басары Жемал Белфаких да Түрк Кызылайынын жардамдарынан улам ыраазычылык билдирди.

Жемал Белфаких түрк элине жана өкмөтүнө ырахмат айтты.



Тектеш кабарлар