Стамбулга 7 айдын ичинде 6 миллион чет элдик турист келди

Тарыхый шаар Стамбул туристтердин көздөгөнү

795463
Стамбулга 7 айдын ичинде 6 миллион чет элдик турист келди

Стамбулга январь-июль айларынын аралыгында 5 миллион 704 миң 702 чет элдик турист келди.

Маданият жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Топкапы сарайы, Аясофия, Кыз мунарасы, Йеребатан цистернасы жана дагы көптөгөн тарыхый жайлары менен дүйнөдөгү эң көп кыдырылган шаарлардын арасында орун алган Стамбулга быйыл июль айында келген туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 42,7 пайыз өсүп 1 миллион 319 миң 549 кишиге жетти.

Жылдын биринчи 7 айында болсо Стамбулга келген чет элдиктердин саны, өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 6,3 пайыз өстү. Стамбул январь-июль айларынын аралыгында 5 миллион 704 миң 702 чет элдик туристти тосуп алды.

Стамбулга келген чет элдик туристтердин өлкөлөргө жараша тизмесинде болсо 538 миң 945 киши менен Германия биринчи орунду ээледи. Андан кийин 427 миң 18 киши менен Иран жана 294 миң 401 киши менен Сауд Арабия турат.



Тектеш кабарлар