Жер Ортолук деңизге чыгыла турган террор жолуна уруксат берилбейт

Бир күндүк расмий сапар менен дүйшөмбү күнү Иорданияга барган президент Эрдоган, учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

794841
Жер Ортолук деңизге чыгыла турган террор жолуна уруксат берилбейт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын түндүгүндө Жер Ортолук деңизге чыгыла турган террор жолуна уруксат берилбей турганын айтты.

Бир күндүк расмий сапар менен дүйшөмбү күнү Иорданияга барган президент Эрдоган, учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Эрдоган, жикчил террор уюму ПККнын аймактагы уландысы ПЙДнын колунда турган Афринде Түркияны жактаган күрттөр да бар экенин белгилеп, бул жерде террордун үстөмдүк кылышына уруксат берилбей турганын билдирди.

Ирактын аймактык күрт башкаруучулугунун 25-сентябрда өткөрүүнү пландаган көз карандысыздык референдуму тууралуу Эрдоган: «Мен Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасын жөнөттүм. Багдадга да Эрбилге да барып, жолугушууларды өткөрүп келди. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бүгүн баратат. Алгач Багдадга андан соң Эрбилге өтөт. Мындай түрдөгү элдик добуш берүүнү бир топ өнүккөн өлкөлөр туура көрбөйт. Түркия катары биз да туура көрбөйбүз, Ислам өлкөлөрү туура көргөн жок. Ошондуктан мындай кадам ташталышы, жалгыздыкка кадам ташталышы дегенди берет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар