Чавушоглу Иракта түркмөн саясатчылары менен жолукту

Чавушоглунун түркмөн саясатчылар менен жолугушуусу Багдаддын Жашыл аянтындагы Решит мейманканасында жабык эшик артында өттү.

795530
Чавушоглу Иракта түркмөн саясатчылары менен жолукту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Ирактагы жолугушууларынын аклагында Парламент төрагасы Селим аль-Жубури менен жолукту.

Борбор шаар Багдаддагы жашыл аянтта болгон жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

Жолугушууга Ирактын билим берүү министри Мухаммед Икбал да катышты.

Чавушоглу андан соң түркмөн эл өкүлдөрү жана саясатчылары менен жолукту.

Чавушоглунун түркмөн саясатчылар менен жолугушуусу Багдаддын Жашыл аянтындагы Решит мейманканасында жабык эшик артында өттү.

Андан чыкканда журналисттерге маалымат берген Чавушоглу: «Түркмөндөрдүн келечеги Ирактын биримдиги менен бирге. Түркмөндөр Ирактын биримдик жана ынтымагын эң көп колдогон улут. Алардын укуктарынын берилиши жана бузулбашы керек. Телафер сыяктуу түркмөн аянттарынын демографиялык өздүгүнүн корголушу керек. Түркмөндөрдүн арасында эч кандай айырма кылбастан бардыгын бирдей колдойбуз»,-деди.

 Багдаддагы жолугушууларынан кийин Эрбилге жөнөй турган Чавушоглу, ал жерде Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) төрагасы Месуд Барзани менен жолугат.



Тектеш кабарлар