Түркия Испаниядагы кол салууну айыптады

Президент Эрдоган Испания королу 6 -  Фелипtге жиберген көңүл айтуусунда көп сандаган күнөөсүз кишинин  каза болушунан жана жараланышынан санааркагандыгын билдирди.

792236
Түркия Испаниядагы кол салууну айыптады

Испаниянын Барселона шаарында кечээ болгон террордук кол салууда бир түрк жараны жараланды. Түркиянын Мадрид элчилиги жараланган кишинин эркек  жана абалынын оор экендигин билдирди. Түркия Испаниядагы террордук кол салууну айыптады. 

Тышкы иштер министрлиги «террор жүзүн союздаш Испанияда көрсөттү» деген сөздөр менен баштаган билдирүүсүндө каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалады.

Президент Эрдоган Испания королу 6 -  Фелипиге жиберген көңүл айтуусунда окуяда көп сандаган күнөөсүз кишинин  каза болушунан жана жараланышынан санааркагандыгын билдирди.

Премьер  - министр Бинали Йылдырым да билдирүүсүндө : «Дос Испания калкынын кайгысын бөлүшүп, каза болгондордун жакындарына көңүл айтамын жана жаралуулардын бат айыгып кетишин тилеймин»,- деди.

2004 -  жылы Испаниянын борбор шаары Мадридде үч башка террордук кол салуу болуп, үч поездди бутага алган  жарылууларда 131 киши каза тапкан.

Окуя ал мезгилде өлкөнүн Баск аймагынын калкы менен Францияда жашаган баск тектүүлөр үчүн көз карандысыздык  күрөшүн жүргүзгөн ЕТАнын кандуу кыймылы катары каттоого алынган. Уюм 43 жылга созулган кыймылынан кийин 2011 – жылы куралдарын таштаган.

 



Тектеш кабарлар