Террор менен күрөш

ПКК террордук уюмдун мүчөсү террористтер менен коопсуздук күчтөрдүн ортосунда чыккан кагылышууда жараланган аскер  алып барылган ооруканада шейит болду.

792541
Террор менен күрөш

Хатайдын Искендерун районунда ПКК террордук уюмдун мүчөсү террористтер менен коопсуздук күчтөрдүн ортосунда чыккан кагылышууда жараланган аскер  алып барылган ооруканада шейит болду.

Аманос тоолорунун элетинде террордук уюмдардын кыймылдарын алдына алуу операцияларын жүргүзгөн коопсуздук күчтөрү менен беттешкен террористтердин ортосунда катуу кагылышуулар болду. Кагылышууда жаралданган жана Искендерун мамлекеттик ооруканасына жаткырылган аскер бул жерде бардык жардамдарга карабастан куткарыла албады.

Бир тараптан түрк куралдуу күчтөрү акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операцияларда 58 террористтин өлтүрүлгөндүгүн жарыялады.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда Шырнактын Като тоолору, Хаккаринин Йүксекова районунда жүргүзүлгөн операцияларда 8 баш какалоочу жер менен үңкүрлөр жардырылды. Операцияларда 7 аскер шейит болуп, 12 аскер жараланды.

Сииртте өлтүрүлгөн 3 террористтин Байкам акими Мехмет Кожабейге кол салуу жасаган террористтер экендиги белгиленди.

Тунжелиде да коопсуздук күчтөрүнө багынууну кабыл албаган 2 террорист өлүү колго түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар