Ибрахим Калын Меркелди эскертти

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Меркелдин сөздөрүн жана мамилесин сынга алды

792027
Ибрахим Калын Меркелди эскертти

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин: «Түркия менен Бажы Биримдиги жаңыланбасын» деген сөздөрүнө Президенттиктен да каршылык көрсөтүлдү.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, экономиканын саясий опузалоонун каражаты сыяктуу колдонулушунун туура эмес экендигин белгилеп, Меркелдин бул сөздөрүн жана мамилесин сынга алды.

Борбор шаар Анкарада өткөргөн маалымат жыйынында күн тартипке сереп салган Калын, Меркелдин Бажы Биримдиги темасында Европа Биримдигинин уюмдарына же мүчө өлкөлөргө буйрук берген сыяктуу абалда болушунун туура эмес экенин баса белгиледи.

Калын: «Түркия менен Германиянын ортосунда болуп жаткан чыңалууну немис органдары бардык Европага жаюуга аракет кылышы алардын алсыздыктарын көрсөтүүдө. Биз Германия менен же кандайдыр бир Европа өлкөсү менен мамилебизди бузгубуз келбейт»,-деди.

Ушул сыяктуу билдирүүлөрдүн болсо эч нерсеге жарабаганын, мамлекеттик башкарууга да туура келбегенин баса белгилеген Калын, Германиядан Түркияга жаңы санкциялардын тынымсыз уланып жатканын айтты.

Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы Бажы Союзунун «пайда тап-пайда тап келишими» экенин да билдирген Ибрахим Калын: «Буга бөгөт коюлуп, четтетилип, жоюлган учурда мындан Түркия гана эмес Европа да зыян тартат»,-деп айтты.

Ибрахим Калын бир суроо боюнча, АКШнын коргоо министри Жим Маттистин алдыдагы күндөрдө Түркияга келүүнү пландап жатканын да маалымдады.



Тектеш кабарлар