Ирандын башкы штабынын төрагасы Анкарада

Ирандын башкы штабынын төрагасы, генерал – майор Мухаммед Бакыри башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Хулуси Акар менен жолугушуу үчүн Түркияга келди.

790156
Ирандын башкы штабынын төрагасы Анкарада

Ирандын башкы штабынын төрагасы, генерал – майор Мухаммед Бакыри башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Хулуси Акар менен жолугушуу үчүн Түркияга келди. Бакыри борбор шаар Анкарада башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар тарабынан тосулуп алынды.

Бакыри жана коштоосундагы Иран делегациясы үч күнгө созула турган Түркиядагы жолугушууларынын негизинде жогорку мартабалуу аскердик жана саясий жетекчилер менен жолугушууларды өткөрөт. Бакыринин Түркия сапарында аймактык абалдар, коргоо тармагындагы эки тараптуу карым – катнаштар жана чек ара кызматташтыгы темалары каралат. Армиянын генералы Акар менен генерал  - майор Бакыринин жолугушуусунда эң негизги тема терророр менен күрөшүү болот.

Ирандык генерал  - майор Бакыри өткөн айда сүйлөгөн сөзүндө Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун Ирактан бөлүнүшүн күткөн көз карандысыздык референдумун «кабыл алынгыс» деп мүнөздөгөн.

 



Тектеш кабарлар