Памуккале туристтерди өзүнө тартууда

ЮНЕСКОнун  дүйнөлүк мурас тизмесинде орун алган термалдык суулары менен бардык мезгилдерде зыяратчыларды тарткан Памуккале көп сандаган туристти тосуп жатат.

788050
Памуккале туристтерди өзүнө тартууда

ЮНЕСКОнун  дүйнөлүк мурас тизмесинде орун алган термалдык суулары менен бардык мезгилдерде зыяратчыларды тарткан Памуккале көп сандаган туристти тосуп жатат.

Дүйнөнүн төрт тарабынан шыпаалуу термалдык суусу жана тарыхы менен туристтерди тарткан Памуккаледе күндүн ысыктыгына карабастан туристтер жерлерди кыдырып көрүшүүдө.

Өлкөнүн ар башка жерлеринен келген зыяратчыларды тосуп алган Памуккале өзгөчө Европа өлкөлөрү менен Кытай, Япония, Түштүк Корея сыяктуу Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнөн келгендердин абдан чоң кызыгуусун тартууда.

Денизли туристтик мейманкалачылар жана  операторлору ассоциациясынын төрагасы Гази Мурат Шен акыркы жылдарда Памуккалеге келген чет элдик туристтердин санында артуу болгондугун айтты.  Туристтердин Памуккалеге келгенден кийин келерки жылы дагы бир жолу келүүнү каалашкандарын айткан Шен : «Бул жылы Памуккалеге болгон талап абдан көп болду. Эс алуусун деңиз жээгинде өткөрүүнү каалаган чет элдик туристтер бир күндүгүнө келип кетишүүдө. Акыркы күндөрдө  Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген коноктор дүйнөдө окшошу болбогон Памуккаленин  апапак травертиндерине  келип жатышат»,- деди.

Памуккалеге  Кытайдан келген 23 жаштагы Аимин Ананг бул жерге биринчи жолу келгендигин жана бул жерди абдан жактыргандыгын белгилеп : «Түркияда эс алуу абдан жакшы. Досторум менен келдим. Түркияда өзүмдү бактылуу сезип жатам»,- деди.

Жубайы менен Англиядан келген Алекс Саманта болсо келерки жылы сөзсүз Түркияга дагы келерин, Паумккале травертилеринин тазалыгын көргөндө таң калгандыгын билдирди.

Болгариядан келген Эмилия Бойко да Түркияга жыл сайын келгендигин белгилеп : «Мен дүйнөнү кыдырганыма карабастан Түркия мен үчүн башка жана маанилүү бир жер. Келген сайын ыраазы болуп кайтам»,- деди.



Тектеш кабарлар