AFADдын жаңы башчысы

Төрагалык кызматка ким дайындалды?

787201
AFADдын жаңы башчысы

Премьер-министрликке караштуу Апаат жана курч кырдаалды башкаруу төрагалыгына (AFAD) Түрк Кызылайынын мурдагы башкы директору др. Мехмет Гүллүоглу дайындалды.

Апаат жана курч кырдаалды башкаруу төрагалыгынын интернет баракчасында орун алган маалыматка караганда, кызматын баштаган Гүллүоглу AFADдын карамагында кызмат көрсөткөн башкармалыктардан маалымат алды.

2013-2017-жылдардын аралыгында Түрк Кызылайынын башкы директорлук кызматын жүргүзгөн Гүллүоглу, дүйнө жүзүндөгү көптөгөн аймактарда иштеди. Ошондой эле Түркиядагы сириялык баш калкалоочулар жана жардамга муктаж адамдарга карата долбоорлордо кызмат кылды.



Тектеш кабарлар