Коопсуздук жыйыны өттү

Премьер  - министр Бинали Йылдырымдын жетекчилигинде Чанкая сарайында коопсуздук жыйыны өткөрүлдү.

786853
Коопсуздук жыйыны өттү

Премьер  - министр Бинали Йылдырымдын жетекчилигинде Чанкая сарайында коопсуздук жыйыны өткөрүлдү. Басма сөзгө жабык өткөн жыйын бир жарым саатка созулду.

Жыйынга башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Хулуси Акар, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, бажы жана соода министри Бүлент Түфенкчи, президенттиктин катчысы Ибрахим Калын, премьер  - министрликтин кеңешчиси Фуат Октай, Улуттук Чалгындоо Уюмунун кеңешчиси Хакан Фидан жана тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси Үмит Ялчын катышты.

Жыйында террор менен күрөш, Сириянын түндүгүндөгү террордук элементтерге карата чаралар каралды. Фетуллахчы террордук уюм менен күрөштүн да каралган маселелердин арасынан орун алгандыгы  белгиленди.



Тектеш кабарлар