Бир жуманын ичинде 1 миң 518 операция жүргүзүлдү

Операцияларда 27 террорист кармалып, 150 киши камакка алынды

785052
Бир жуманын ичинде 1 миң 518 операция жүргүзүлдү

Түркиянын Ички иштер министрлиги, акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операцияларда террордук уюмдарга жардам көрсөткөн 150 кишинин камакка алынганын, 27 террористтин да кармалганын билдирди.

Маалымдалгандай 31-июлдан 7-августка чейин террордук уюмдарга карай 1 миң 518 операция жүргүзүлдү.

Операцияларда ДЕАШ менен байланышы болгон 74, ФЕТӨ менен байланышы болгон 448, сол террордук уюм менен байланышы болгон 18 киши камакка алынып, 27 террорист кармалды.

Андан башка 690у террордук кылмыштар, 157си кибердик чабуулдар, 2 миң 511и бангизат сатуу боюнча жалпы 3 миң 358 киши кармалды.



Тектеш кабарлар