Эки миң жылдык көрүстөн табылды

Көрүстөн Коньяда жол салуу иштери убагында табылды

782459
Эки миң жылдык көрүстөн табылды

Коньяда 2 миң жылдык экени божомолдонгон көрүстөн табылды.

Коньянын Мерам районуна караштуу Көйжеиз кыштагындагы "Нежметтин Эрбакан" университетиндеги окуу жайга тийиштүү жерде жүрүп жаткан жол салуу иштери убагында жерде оюк пайда болду.

Оюкта «Кеч Рим» дооруна таандык экени божомолдонгон 2 миң жылдык көрүстөн табылды.

Полиция кызматкерлери да иликтөө жүргүзгөн көрүстөндө казуу иштеринин баштала турганы билдирилди.



Тектеш кабарлар