Жикчил террор уюму РККга акыркы жумада оор сокку урулду

Түрк Куралдуу күчтөрү тарабынан (ТКК) террор уюму РККга карай жүргүзүлгөн операцияларда акыркы апта ичинде 46 террорист жок кылынды.

783984
Жикчил террор уюму РККга акыркы жумада оор сокку урулду

Түрк Куралдуу күчтөрү тарабынан (ТКК) террор уюму РККга карай жүргүзүлгөн операцияларда акыркы апта ичинде жалган “башчы” макамдагы бардыгы 46 террорист жок кылынды.

Башкы штаб төрагалыгы тарабынан берилген жумалык маалыматтарга караганда, “Террорчулукка каршы күрөшүү акциясынын” алкагында 27-июлдан 3-августка чейин жикчил террор уюму РККнын дайыма баш калкалоочу жайы жана өлкө ичине өтүүчү багыты катары колдонулушунан улам чоң мааниси болгон Хаккари, Шырнак, Ван, Бингөл жана Муштун ичинде жайгашкан райондорду террористтерден тазалоо максатында жүргүзүлгөн операциялар чабуул түшүнүгү менен токтоосуз улантылууда.

Бул иш-аракетте Шырнактын Бейтүшшебап району менен Бестлер Дерелер, Жуди тоосу, Фарашин аймагы, Хаккаринин Йүксекова, Вандын Гүрпынар, Бингөлдүн Солхан жана Муштун Шенйайла облустарында “орто масштабдуу”  операциялар ишке ашырылды.

Операцияларда экөө жикчил террор уюму РККнын жалган “башчы” макамына ээ болуп жүргөн бардыгы 46 террорист жок кылынды. Издөөдөгүлөрдүн тизмесинде боз категорияда орун алган жалган “Херекол аймагынын коомчулук менен байланыш боюнча жооптуусу ”, Бехтин Билен (каймана аты Дижяр) колго түшүрүлсө, көк тизмедеги террор уюму МКРнын жалган “аймак боюнча жооптуусу” Йылмаз Кес (каймана аты Шахин) өлтүрүлдү.

Операциларда 18 мылтык, 1 пулемет, 1 Драгунов снайпер мылтыгы, 5 гранатамет, 2 тапанча болуп жалпы 27 курал, 1 TAS ракетасы, 20 килограмм талкалоочу калып (ТNT), 286 килограмм аммонияк нитраты, 274 гранатометтун огу, 303 гранатометко багыт берүүчү салют, 148 граната, 51 мина,119 жардыргыч, 1 замбиректин огу, 6346сы BIKSER пулеметунун ок-дарысы  менен 13520 жеңил куралдардын ок-дарысы, 387 Дочка ок-дарысы, 59 баллон, 5 кол дүрбүсү, 2 рация, 90 магазин жана көп сандагы колго жасалган жардыруучу жасоодо колдонулган кабель табылып, 38 колго жасалган жарылуучу зат да жок кылынды.

ТКК тарабынан жүргүзүлгөн операцияларда террористтер тарабынан колдонулган 41 жашынуучу, баш калкалоочу жай, үңкүр жана ок-дары сактоочу жайы  жарактан чыгарылып, Шырнактын Бейтүшшебап жана Герме дөбөлүү  аймагында учкучсуз учуучу аба каражаты менен аныкталган жана бомбалуу унаа кыймылдарында колдонулган чалгындоо боюнча белгиленген микроавтобус, Атак тик учары менен атылып, жок кылынды.



Тектеш кабарлар