Тышкы иштер министринин Кытай сапары

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркиянын керек болсо аймагында, керек болсо эл аралык уюмдар менен жакын кызматташтык түзүү экендигин айтты.

783199
Тышкы иштер министринин Кытай сапары

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркиянын керек болсо аймагында, керек болсо эл аралык уюмдар менен жакын кызматташтык түзүү экендигин айтты.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Түркия  -  Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министрлеринин кеңешүү механизминин экинчи жыйынына катышты. Жыйындан кийин Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ванг Йи менен жолугушкан Чавушоглу Түркиянын бардык эл аралык уюмдар менен жакшы карым – катнаштарды курууну максат кылгандыгын белгиледи.

Ванг Йи менен өткөрүлгөн орток пресс – жыйында Чавушоглу Кытай сапарынан кийин Филиппиндердин борбор шаары Маринада Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрү биримдигинин жыйынына катышарын белгилеп : «Кытай Шанхай Кызматташтыгы уюмунун куруучу мүчөлөрүнөн жана биз да бул уюм менен карым – катнаштарыбызды өнүктүрүү үчүн Кытай жана башка өлкөлөр менен кызматташтык түзүүдөбүз жана бардык бул саясаттарыбызды бири бирине альтернатив катары карабайбыз, тескерисинче толуктоочу катары карап жатабыз»,- деди.

Чавушоглу Түркиянын  кытай саясатына эң чоң колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн бирөөсү экендигин айтып : «Кытайдын коопсуздугуна өз коопсуздугубуз сыяктуу карап жатабыз. Керек болсо өлкөбүздө, керек болсо аймагыбызда Кытайга карата эч бир тескери кыймылга уруксат бербейбиз»,- деди.

Түркия менен Кытайдын ортосунда коопсуздук тармагында кызматташтыктын артуу менен улантыларын белгилеген Чавушоглу : «Соодабызды арттыруу тууралуу чечкиндүүлүгүбүз бар. Продукциялардын түрдөнтүлүшү тууралуу иштерибиз улантылууда. Түркиядан Кытайга башта айыл  - чарба продукциялары болгон экспортубуз артууда»,- деди.

Чавушоглу эки өлкөнүн бирдикте ишке ашыра турган абдан маанилүү проектилеринин бар экендигин билдирип, тарыхый Жибек Жолунун кайрадан жандандырылышын максат кылган «Муун жана жол» проектиси менен Түркия сунуш кылган Ортоңку коридор проектисинин бирдикте ишке ашырыларын, Эдирне  - Карс ылдам поезд жолу жана Түркиядагы 3 -  ядролук энергия станциясынын да Кытай менен бирдикте курууну каалашкандарын айтты.

Билим берүү жана маданий тармактарында да кызматташтыктын арткандыгын жана туризм тармагында да кызматташтыктын артарын белгилеген Чавушоглу : «Кытайлык турист санынын артуусун ойлоп жатабыз. Жыл сайын өлкө тышына чыккан жүз миллион туристтин 3 миллионунун Түркияга келишин күтүүдөбүз»,- деди.

Министр Чавушоглу Кытайда 2018 -  жылдын «Түркия туризм жылы» деп жарыялангандыгын эске салып, ушунун негизинде 2018 -  жылдын даярдыктарынын да бирдикте жүргүзүлгөндүгүн айтты.

Чавушоглу айрыкча билим берүү тармагында орток университет куруу ишинин улантылып жаткандыгын белгилеп, виза тууралуу күтүүлөрдү Кытайдын тышкы иштер министри Вангга билдиргендигин, бул тууралуу орток кээ бир кадамдардын ташталарын айтты. Министр Чавушоглу эки өлкөнүн ортосундагы аймактык темаларда бир топ тармакта Түркиянын пикирлеринин Кытай менен дал келгендигин белгилеп, Сирия тууралуу Пекин башкаруусунун берген колдоого баа берилгендигин айтты.

Президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Циньпинди Түркияда тосуп алууну каалашкандарын  белгилеген Чавушоглу кесиптеши Вангдын да Түркия сапарынан ыраазы болушарын белгиледи. Министр Чавушоглу Кытайдагы расмий жолугушууларын аяктап бүгүн өлкөдөн кетет.



Тектеш кабарлар