Жер шарында жашоо, бирок жер шарында болбоо

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын «DailySabah» гезитинде жарыяланган макаласы. 01.08.2017

781828
Жер шарында жашоо, бирок жер шарында болбоо

Биз туш келген интеллектуалдык жана ахлактык сабак берүү булар болот; жер шарында жашоо, бирок жер шарында болбоо. Б.а. дүйнөнүн байлыгын четке какпоо дагы ага баш ийбөө дагы. Мындайча айтканда бул дүйнөдөгү жаралуу максатыбызды эч качан унутпастан жашоонун бардык жактарынан кумар алуу.

Батыштык диний жана ориенталист чөйрөлөрдө Исламга каршы багытталган сындоолордон бирөө да исламдын христиандык менен салыштырылганда дин катары дагы көбүрөөк көр дүйнөгө ылайыкташканы жөнүндө болот. христиан полемикачылар Мухаммед пайгамбарды, Иса Месихтин тескерисинче көр дүйнөгө ылайыкташкан коомдук жана саясий карым-катнаштар менен болушунча алектенген деп билишет. Андан да тереңи Исламдын бир дин эле эмес ошондой эле идеология болгону боюнча күнөөлөшөт. Бул айтымдар жалган терминдерге жана жасалма салыштырууларга таянууда. Ислам, көр оокаттын кызматын кылбастан, бул дүйнөдө түшүнүктүү түрдө турмуш кура алуу болуп саналат.

Нерселерге жетиштүү түрдө терең олуттуулук жана баа берип, бирок акыркында Теңирдин жаратылуу планындагы майда жана маанисиз жактарын жана биздин да анын ичиндеги ордубузду билип мамиле кылуубуз акыл-эс, билимдүүлүк жана өнөрдү талап кылат. Жер шары бир жабуу сыяктуу жана көңүл ачуучу жер болуп саналат. Эч бир адам анда өзүн жоготуп койбошу керек. Адам аң-сезими жана сыймыгы бул дүйнөнүн убактылуу заманасынын үстүндө болуш керек. Ал эми Теңирдин бир искусство чыгармасы катары жер шары бир жагынан анын даңазасын, долбоорун жана кечиримдүүлүгүн көз алдыга жаят. Дүйнө жүзү өз физикалык/материалдык өзгөчөлүктөрүнүн жалпысынан көп дагы кеңири жана дагы түшүнүктүү нерсени көрсөткөн белги катары кызмат кылат. Бул дүйнө кайгынын, азаптын жана зомбулуктун булагы болушу мүмкүн, бирок бир жагынан да билимдүүлүктүн, ашыктын, достуктун, мээримдин жана кечиримдүүлүктүн да булагы. Бул да бизди ар дайым өзүбүздөн сурашыбыз керек болгон ушул орчундуу суроого алып келет; жашообузду, бул дүйнөгө моюн сундуруп койбостон кантип олуттуу жана маңыздуу түрдө жашай алабыз?

Бул бир гана терминдик маселе эмес. Айланабыздагы дүйнө менен кантип таасирлешүүдө боло турганыбызга да форма берет. Жер шарын куруу же бузуу жолдоруна формасын берет. Бул бардык цивилизациялардын жүрөгүндө жаткан көйгөй-ушунчалык татаал көйгөй болгондуктан заманбап дүйнө кантип жооп бере турганын биле албай жатат.

Классикалык мусулман ойчулдар жана илимпоздор жер шарынын физикалык чындыгын олуттуу түрдө иликтешкен, бирок эч качан аны өз ичинде жана өзүнөн чыккан, өзүн формалаштырган түшүнүккө ээ боло тургандай баамдай алышкан эмес. Жер шарынын физикалык түзүлүшүүнүн кеңири бир анализин тапкан өнүккөн жана болушунча илимий жаратылыштык маалыматты өндүрүп чыгышкан. Бирок ошентсе да анын үстүндө атайын туруп иштеген бул «жер шары» өзү өзүн ачыктаган жана өзүндө жаралуу себебин көрсөткөн бир чындык эмес эле. Физикалык дүйнөнү Кургандын «Жашоо ал дүйнө»/ «Бул дүйнөдөгү жашоо» же «Дүнүйөкор жашоо» деп аныктаган дагы кеңири масштабда иликтеген. Бул сезимтал аныктоо «дүйнө жашоосу» катары дагы оңтойлуу түрдө айтылган.



Тектеш кабарлар