Жогорку аскердик кеңештин жыйналышы 2-авгутта башталат

Чанкая сарайындагы жыйналышка айрым министрлер алгач ирет катышат, айрым министрлер болсо жаңы кызматтары менен үстөлдөгү ордун ээлейт.

780904
Жогорку аскердик кеңештин жыйналышы 2-авгутта башталат

Жогорку аскердик кеңеш, премьер-министр Бинали Йылдырымдын жетекчилигинде 2-августта чогулат. Чанкая сарайындагы жыйналышка айрым министрлер алгач ирет катышат, айрым министрлер болсо жаңы кызматтары менен үстөлдөгү ордун ээлейт.

Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийинки өзгөрүүлөртүүлөрдүн алкагында Аскердик кеңештин жыйналыштарынын август айында өткөрүлүшү боюнча мажбурдуулук жоюлуп, мунун ордуна жыйналыштын премьер-министрдин чакыруусу менен муктаждык болгон убактарда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылган.

Премьер-министр Йылдырымдын чакыруусу боюнча Жогорку аскердик кеңеш мыйзамдарга ылайык август айынын башында өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.

Өкмөт башчы Йылдырым жетектеген кеңештин мүчөлөрү жыйналыштын алдында Аныткабирге зыярат кылат.

Шаршемби күнү Чанкая сарайында премьер-министр Йылдырым жетектеген жыйналышка башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, вице-премьерлер Бекир Боздаг, Мехмет Шимшек, Фикри Ышык, Режеп Акдаг жана Хакан Чавушоглу, адилет министри Абдүлхамит Гүл, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли менен кургактык күчтөрү командири, армия генералы Салих Зеки Чолак, деңиз күчтөрү командири, армия адмиралы Бүлент Бостаноглу менен аба күчтөрү командири, армия генералы Абидин Үнал катышат.

Айрым министрлер алгач ирет катыша турган Аскердик кеңештин жыйналышында айрым ысымдар жаңы кызматтары менен үстөлдөгү ордун ээлешет. Буга караганда мындан мурда адилет министри катары жыйналышка катышкан Бекир Боздаг, бул ирет вице-премьер наамы менен катышат. Фикри Ышык да мурда улуттук коргоо министри катары катышкан жыйналышта вице-премьер катары милдетин улантат. Вице-премьер Режеп Акдаг, Хакан Чавушоглу, адилет министри Абдүлхамит Гүл менен ички иштер министри Сүлейман Сойлу жыйналышка алгач ирет катышат.

Мындан мурда Жогорку Аскердик кеңешке вице-премьер наамы менен катышкан Нуреттин Жаникли болсо бул ирет Улуттук коргоо министри катары орун алат.

Даража жогорулатуу жана дайындоолор да карала турган кеңештин жыйналышынын алкагында белгилене турган эң маанилүү тема болсо күч командирлеринин абалы болот. Улуттук коргоо министринин сунушу, премьер-министрдин кол коюусу жана президенттин бекитүүсү менен белгиленген күч командирликтеринде кызмат мөөнөттөрү толот.

Кургактык күчтөрү командири, армия генералы Салих Зеки Чолак, Деңиз күчтөрү командири, армия адмиралы Бүлент Бостаноглу жана Аба күчтөрү командири, армия генералы Абидин Үналдын абалдары Кеңештеги дайындоо жана даража көтөрүүлөрдө белгиленет.

Учурдагы мыйзам, кызмат мөөнөттөрү толгон күч командирлеринин кызмат мөөнөттөрүнүн узартылышына мүмкүнчүлүк берет.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн кызматкер мыйзамына ылайык күч командирлигине дайындалган армия-генералдары жана армия адмиралдары эки жыл бул кызматтарын уланта алат.

Бул мөөнөт улуттук коргоо министринин көрсөтүүсү, премьер-министрдин кол коюусу жана президенттин бекитүүсү менен бирден жылга жаштары толгонго дейре узартыла алат.

Кызматтагы мөөнөттөрүнүн белгиленишинде болсо дайындалган жылдын 30-август күнү негиз кылынып алынат.

Жогорку аскердик кеңештин жыйналышында чыгарылган токтомдордун президент Режеп Таййип Эрдогандын бекитүүсүнөн кийин коомдук пикирге жарыяланышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар