Түркия-Европа Биримдигинин саясий жыйыны...

Түркия-Европа Биримдиги жогорку деңгээлдеги саясий диалог жыйыны Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өттү.

777873
Түркия-Европа Биримдигинин саясий жыйыны...

 

Түркия-Европа Биримдиги жогорку деңгээлдеги саясий диалог жыйыны Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өттү.

Жыйындан кийин басма сөзгө маалымат берген Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик, кошулуу сүйлөшүүлөрүнүн Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарынын негизин түзгөнүн белгилеп, “Бул бир жээкке ташталып, энергия, соода же болбосо террор менен күрөшүү сыяктуу айрым мамилелерди түзүүгө болбойт”- деди.

ЕБнын көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн өтө маанилүү механизмдер бар экенинин, талапкер өлкө катары Түркия менен маселердин чечилиши үчүн сүйлөшүү механизминин дагы темаларынын ачылышы керектигин белгилеген Челик, эки тарап ортосундагы көйгөйлөр күчөгөн темалар 23- бөлүм( сот иштери жана негизги укуктар)  жана 24- бөлүмгө ( адилет, эркиндик жана коопсуздук) тиешелүү болгонуна басым жасады. Бул бөлүмдөрдүн ачылышынын маанилүүлүгүн белгилеген Челик: “Айрыкча акыркы сүйлөшүүлөрдөн кийин Кипр маселесинин чечилишинде Түркиянын конструктивдүү мамилеси байкалды. Мындан кийин Түштүк Кипр- Рум бийлигинин бир тараптуу түрдө беш теманы жокко чыгаруусуна бөгөт коюлушу керек. Себеби Түркия бул темалардын бардык даярдыктарын бүтүрдү. Бирок бир тараптуу мүнөздө толугу менен саясий себептерден улам бул тоскоолдук болбошу керек”- деп айтты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушолу  болсо жыйында Түркия менен ЕБни кызыктырган кошулуу сүйлөшүүлөрүнө энергия, Бажы биримдиги келишиминин жаңылануусу, террор менен күрөшүү, миграция келишиминин ишке ашырылышы сыяктуу маселелерге маани берилгенин билдирди.

Түркия ЕБ мамилелериндеги көйгөйлөрдү чечүү үчүн сүйлөшүү жана кызматташууларды жакшыртуу керек экенине көңүл бурган Чавушолу бир пикирге келүүнүн маанилүүлүгүн билдирди. Чавушолу:

“Түркиядагы демократиялык оппозиция менен террористтерди жана террорго колдоо көрсөткөндөрдү ажырата билүү керек. Албетте Түркияда демократиялык оппозиция бар. Калктын макулдулугу менен парламентке же болбосо башка уюмдарга шайлангандар бар. Бирок булардын ичинде террор уюмуна курал ташыгандар да бар. Башка демократиялык оппозиция менен террор уюмуна курал ташыгандарды бирдей көрсөк калктын эркине каршы чыккан болобуз”,-деди.

ЕБ кеңейүү сүйлөшүүлөрү боюнча комиссары Хан болсо Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушолуна расмий сүйлөшүүсүнөн улам ыраазычылыгын билдирип сөзүн баштады.

“Баш калкалоочулар маселесин чечүүдө эки тарапта тең алдыга жылуулар болуптур. Бул себептүү бир нече адам өмүрү куткарылыптыр. Түркия баш калкалоочулар үчүн жайларды курду жана аларды абдан жакшы багып жатат. Түркиядагы баш калкалоочулар үчүн 2 миллиард 900 миллион евро бөлүндү. Бул каражаттардын жыл аягына чейин барышына үмүттөнөбүз” – деп билдирди.

Жыйындын аягында сөз алган Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Федерика Могерини жыйын жакшы өткөнүн белгилеп,

“Түркиянын ЕБга талапкер жана стратегиялык өнөктөшүбүз экенин эстешибиз керек” деп айтты.

 



Тектеш кабарлар