Түрк аба жолдорунун жаңы долбоорлору

Белгилүү кардиохирург Мехмет Өз жүргүнчүлөргө туура тамактануунун эрежелерин айтып берет

777171
Түрк аба жолдорунун жаңы долбоорлору

Түрк аба жолдору дүйнөгө таанымал дагы бир адам менен кызматташууда.

АКШда жашаган кардиохирург Мехмет Өз жүргүнчүлөргө туура тамактануу жана көнүгүүлөрдү жасоо боюнча сунуштарын айтып берет.

Доктор Мехмет Өз телепрограммасын Түрк аба жолдорунун учагына алып келди.

Программасынын биринчи бөлүмү Стамбул-Нью-Йорк каттамы учурунда тартылды.

Ал 300 жүргүнчү менен бирге көнүгүүлөрдү жасап, туура тамактануунун эрежелерин айтып берди.

«Fly Good Feel Good» долбоору, жүргүнчүлөрдүн жакшы саякат өткөрүүлөрү үчүн учаардын алдында, учуу убагында жана андан кийин жасалышы керек болгондорду түшүндүргөн долбоордун бир бөлүгү.

Түрк аба жолдору айрыкча «Учкан дарыгер» долбоорун да ишке ашырууда.

Каттамдарда дарыгерлер муктаждык болгон учурда учакта өз ыктыяры менен кызмат кыла алышат.



Тектеш кабарлар