АКШ С-400 ракета системасынан эмне үчүн кооптонот?

Өлкө башчы Режеп Тайип Эрдоган Орусиядан С-400 ракета системасын сатып алууга тийиштүү сүйлөшүүлөрдүн көбү бүтүрүлгөнүн айтты.

777168
АКШ С-400 ракета системасынан эмне үчүн кооптонот?

Өлкө башчы Режеп Тайип Эрдоган Орусиядан С-400 ракета системасын сатып алууга тийиштүү сүйлөшүүлөрдүн көбү бүтүрүлгөнүн айтты.

Перс булуңундагы өлкөлөргө болгон сапардан кийин мекенине кайткан Эрдоган, “Эсенбога” аэропортунда суроолорго жооп берди.

Орусиядан С-400 ракета системасын сатып алууга байланышкан суроого өлкө башчы: “Ар бир өлкө өзүнүн коопсуздугу үчүн белгилүү чараларды көрүүгө милдеттүү. Коопсуздук чараларын кайда болсо да көрүүгө милдеттүү. Америка менен да белгиленген сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. С-400гө байланыштуу сүйлөшүүлөр да болду. Башка куралдар колдонулса кооптондурбайт, С-400 колдонулса кооптонуу жаралат. Патриот колдонулса кооптонуу жаралбайт. Биз ким менен бирге өндүрсөк ошону тандайбыз. Түркия эми коопсуздук маселелериндеги бардык моделдештирүүнү буга карап жасайт. Ансыз деле сүйлөшүүлөрдүн көбү жыйынтыкталды”,- деди.

Америка Кошмо Штаттарынын башкы штабынын төрагасы Жозеф Данфорд: “Түркиянын Орусиядан С-400 ракета системасын алуусу кооптондурат”, деген тариздеги оюн билдирди.

Өлкө башчы Эрдоган бул пикирге “эмне үчүн кооптондурат” дегенде Данфордго бир жооп Коргоо министринин (Пентагон) өкүлү полковник Жефф Девистен келди.

Девис, күн сайын чыгуучу басылмалардын маалымат жыйынында башкы штабдын төрагасынын айткан сөздөрү боюнча суроолорго, Түркиянын Орусиядан С-400 ракета системасын алганына өзүнүн көз карашы боюнча түшүндүрмө берүү жана чечим чыгаруу укугуна ээ болгонун билдирди.

АКШнын бул маселеде Анкарага кандайдыр бир тандоо укугун берген бербегенине байланышкан суроого да жооп берген Девис “жеке сүйлөшүүлөрдүн майда-чүйдөсүнө чейин талкуулоону каалабастыгын” айтты.



Тектеш кабарлар