Диний жайлардын ыйыктыгы жана тарыхый статусу урматталышы керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Иерусалимдеги чыңалуу тууралуу Изриалдин президенти Реувен Ривлин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

775037
Диний жайлардын ыйыктыгы жана тарыхый статусу урматталышы керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Иерусалимде Акса мечитине кирип чыгуулардын мусулмандарга тыюу салынышынын себебинен болгон  чыңалуу тууралуу Изриалдин президенти Реувен Ривлин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президенттик маалымат булактарынан алынган маалыматка ылайык Эрдоган анда 14-июлда Хареми Шарифте болгон жана жан жоготуу болгон окуялардын санаага салуучу болгонун белгиледи.

Мындай окуялардын жана жан жоготуулардын кабыл алынгыс экендигин айткан Эрдоган, диний жайлардын ыйыктыгы жана тарыхый статусу урматталышы керектигин эске салып, дин жана ибадат эркиндигинин алкагында мусулмандардын Акса мечитине эч бир чектөө коюлбастан кирип чыгуулары керектигин белгилеп өттү.

Президент Эрдоган, Хареми Шарифтин бүтүндөй Ислам дүйнөсү үчүн маанилүү болгонун белгилеп, кире бериште Израиль аскерлеринин метал детекторлор менен изилдөө ишке ашырууларынын эң кыска убакта токтотулушу жана чыңалуунун аякташы керектигин айтты.

Израилдин президенти Ривлин болсо чара көрүүлөрдүн коопсуздук максатуу болгонуна токтолуп Хареми Шарифтин статусунда кандайдыр бир өзгөрүү болбой турганы жана диний эркиндиктердин чектелбей турганы жагдайында ишеним берди.

Эрдоган, бул  теманы Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда Израилдин Палетинага карай укуктары бузулганы каралып, Эрдоган кесиптешине Израилдин Иерусалымден баштап ыйык жерлердеги укук бузуулардын күчөтүлүшүнүн кабыл алынгыс экенин айткан.



Тектеш кабарлар