Бодрумдагы жер титирөөнүн күчү 6,6 балл деп белгиленди

Кандилли обсерваториясындагы кызматкерлер 160 кайталанган термелүү болгон жер титирөөдө 10 сантиметрдик цунами катталганын маалымдашты.

774982
Бодрумдагы жер титирөөнүн күчү  6,6 балл деп белгиленди

Эгей деңизинин Муглага жакын жеринде Түркия убактысы боюнча саат 1:31 чамаларында болгон жер титирөөнүн күчү 6,6 балл деп кайра аныкталды.

Кандилли обсерваториясындагы кызматкерлер 160 кайталанган термелүү болгон жер титирөөдө 10 сантиметрдик цунами катталганын маалымдашты.

Гүмбетте жээкти урган толкундар унааларды жана ишканаларды зыянга учуратты.

Бодрум мамлекеттик ооруканасы менен эски Датчада айрым имараттарда материалдык чыгым катталды.

Мугланын губернатору Эсенгүл Живелек, термелүүлөрдөн жан жоготуу болбогонун жана мүлк анчалык зыянга учурабаганын жарыялады.

Анадолу агенттигинин кабарчысына жер титирөөдөн кийин дароо кеңири иликтөө баштагандарын айтты.

Ал эми жер титирөөнүн себебинен Грециянын Истанкөй аралында бирөө түрк 2 киши каза тапканы маалымдалууда.

Грециянын мамлекеттик маалымат агенттиги ANA-MPAга караганда аралдын мэри Йоргос Киричис, көп сандаган кишинин жаракат алганын маалымдаган.

Жаралуу түрк жарандарынын алып келиниши үчүн аймакка паром жөнөтүлдү.


Этикеткалар: #жер титирөөдө

Тектеш кабарлар