Түрк куралдуу күчтөрүнүн артиллериялык батареясы Катарга барды
Түрк куралдуу күчтөрүнүн курамынан турган алгачкы тайпа 19-июнда Катарга жеткен.
774094
![Түрк куралдуу күчтөрүнүн артиллериялык батареясы Катарга барды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4d05/d32f/0d51/59704c160b6b8.jpg?time=1718875832)
Түрк куралдуу күчтөрүнүн 28 кишилик артиллериялык батареясы Катарда.
Улуттук коргоо министрлигинин маалымдаганына караганда Түркия-Катар биргелешкен машыгуусунун алкагында 28 кишилик артиллериялык батареясынын толугу Катарга өткөрүлдү.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн курамынан турган алтынчы тайпанын кечээ эртең менен Катардын борбор калаасы Дохага жеткени маалым болду.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн курамынан турган алгачкы тайпа 19-июнда Катарга жеткен.
Аты аталган тайпа алгачкы машыгууну «Тарык бин Зияд» батальонунда аткарган.