Түркиянын Катардагы базасы жабылбайт

Анкарада тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен биргелеше маалымат жыйын өткөргөн Ал Сани: «Катарга колдоо көрсөткөндөрү үчүн Түркия Республикасынын Президенттиги жана Тышкы иштер министрлигине ырахмат айтамын»,-деди.

770945
Түркиянын Катардагы базасы жабылбайт

Расмий сапар менен Түркияга келген Катардын тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдуррахман ал Сани, Перс булуңу кризисинин бир күндө чечиле албай турганын айтты.

Анкарада тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен биргелеше маалымат жыйын өткөргөн Ал Сани: «Катарга колдоо көрсөткөндөрү үчүн Түркия Республикасынын Президенттиги жана Тышкы иштер министрлигине ырахмат айтамын»,-деди.

Өлкөсүн блокадага алган өлкөлөрдүн даттануулары бар болсо буларды бекем негиз менен айтууларын каалагандарын белгилеген Ал Сани: «Бул төрт өлкө (Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Египет) өздөрүн терроризмге каршы күрөшкөн өлкөлөр катары көрсөтүшүүдө. Катар да террор менен күрөшүүдө. Бул блокада башталгандан бери өткөн күндөргө карабастан айтылгандарды далилдей турган далилдер берилген жок. Катар, конструктивдүү диалогко таянат жана урмат-сый менен кризистин чечилүүсүн колдоодо»,-деп айтты.

Ал Сани, өлкөсүнүн 4 араб коңшусу менен болгон кризисти соңуна чыгаруу үчүн АКШ жана Кувейт менен кызматташуусун уланта турганын да кошумчалады.

Чавушоглу да Тиллерсондун аракеттерине колдоо көрсөткөндөрүн мындай баяндады: «Катардын жана тууган Катар калкынын муктаждыгы болгон азык-түлүк баш болгон бардык муктаждыктарын камсыздоо үчүн бирге иштеп жатабыз, бирок ушундай бир кризистин санкциялар менен эмес, сүйлөшүлүп, дипломатия жолу менен туугандардын ортосунда урмат-сыйлуу түрдө чечиле турганына ишенүүдөбүз. Эң акырында АКШнын тышкы иштер министри Рекс Тиллерсондун аракеттерин да колдодук жана бул темада Катардын башынан бери көрсөткөн токтоо мамилеси мактоого арзырлык».

Булуң өлкөлөрүнүн Катарга өткөргөн 13 беренелик талап тизмесинде  орун алган «Түрк базасын жабуу»  тууралуу беренеге токтолгон Чавушоглу: «Биздин Катардагы түрк базасын да камтыган талаптардын биз үчүн да кабыл алынгыс болгонун дагы бир жолу баса белгилегим келет. Катардын эң башынан бери террор менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгү жана террор менен күрөшүүбүзгө көрсөткөн колдоосун көргөн жана күбө болгон кишилерден биримин. Эң акырында Катар менен АКШнын ортосунда кол коюлган террор менен күрөшүү келишими негизинен Катардын бул темадагы чынчылдыгын көрсөтүүдө»,-деп айтты.

Чавушоглу Катардагы түрк базасы тууралуу буларды айтты: «Катарда биргелешкен Түрк базасынын курулуусу тууралуу келишимге кол коюлду. Эми муну ишке ашыруу баскычындабыз. Техникалык топторубуз керектүү иштерди жүргүзүүдө. Аскерлерибиз биргелеше бул иштин координациясын жүргүзүүдө. Бул келишим, эки эгемендүү өлкөнүн ортосундагы келишим болуп саналат. Перс булуңу өлкөлөрүнүн да ушундай шарт коюшу эки өлкөнүн эгемендигине терс түшөт. Үчүнчү бир өлкөнүн да бул темада Катарга же Түркияга сөз айтуу укугу жок. Ар ким муну урматташы керек. Ушул убакка дейре эч бир каршы чыгуу болгон жок».

Перс булуңундагы кризис 5-июнда Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн жана Египет бийликтеринин террорду колдогонун айтып чыгып Катар менен бардык дипломатиялык карым-катнаштарын үзө баташкан.

Катарды блокадага алган 4 өлкө карым-катнаштардын оңдолушу үчүн Доха бийлигине «Түркиянын Катардагы аскердик базасынын жабылышы, Иран менен карым-катнагштардын токтотулушу жана Ал-Жазира телеканалынын жабылышы» сыяктуу шарттар орун алган 13 беренелик талап тизмесин сунуштаган. Доха бийлиги болсо эл аралык укукка жатпаган эч бир талаптын кабыл алынбай турганын жарыялаган.

 

 



Тектеш кабарлар